Кечээ, 6-августта "Ала-Арча" жаратылыш паркына эс алууга чыккан 30 жаштагы жаран бутун кокустатып алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Жерине ӨКМдин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун "Ала-Арча" паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылып, аталган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн.
Андан соң жаранды туугандарына өткөрүп беришти. Анын абалы туруктуу.