Бүгүн, 7-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жолугушуу учурунда шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, инфраструктураны жакшыртуу багытында жүрүп жаткан курулуштар, медицина, билим берүү тармагы боюнча кеңири сөз болду.
Шаар башчысы эки элдин ортосунда кылымдар бою сакталып келе жаткан бекем достук мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.