Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен болчу жолугушуу тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бизде ушундай иш-чараларды уюштурууга жардам берүүгө даяр көптөгөн достор бар. Алардын бири — Бириккен Араб Эмираттарынын президенти. Оюмча, биз чечим кабыл алабыз, бирок бул жолугушуу үчүн ылайыктуу, толук кандуу жер болмок", — деди Путин.
Ошондой эле ал бул жолугушууга эки тарап тең кызыкдар экенин белгиледи.
Айта кетсек, 6-августта Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жолуккан. Жолугушуу үч саатка жакын созулган. Уиткофф Москвага Трамптын ультиматумунун мөөнөтү аяктаардан бир нече күн мурда келген.