Биз социалдык тармакта

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга айып пул салынды

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан борбор калаадагы Мичурин көчөсү, 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайда мыйзам бузуулар аныкталып, “Стальмонтаж плюс” ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдеринин, коопсуздук эрежелердин жана мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы үчүн протокол түзүлүп, 35 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди.
Башкармалык белгиленген мөөнөттө эскертүү аткарылбаса, мыйзамга ылайык кошумча административдик чаралар көрүлөрүн эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан