Жалал-Абадда келинин ур-токмокко алган жаран боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 6-августта Жалал-Абад ШИИБине 1996-жылы туулган К.к. А. арыз менен кайрылган. Анда аны ошол эле күнү 21:00 чамасында Р.Т. аттуу кайнагасы катуу уруп, денесине жаракат келтиргенин билдирген.
Факт боюнча жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталган.
Эми келиндин жакындары ага карата кокутуулар болуп жатканын билдиришти.