АКШнын бийлиги Венесуэла президенти Николас Мадурону кармоого жардам бере турган маалымат үчүн берилчү сыйлыктын өлчөмүн 50 миллион долларга чейин жогорулатты. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди билдирди.
"АКШнын Юстиция министрлиги жана Мамдепартаменти Николас Мадурону кармоого алып келчү маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык жарыялайт. Ал дүйнөдөгү эң ири маңзат тараткан адамдардын бири болуп саналат жана биздин улуттук коопсуздук үчүн коркунуч туудурат",- деди Бонди.
Вашингтон мурда да Мадурону маңзат ташууга байланыштуу айыптап, анын 2025-жылдагы президенттик шайлоодогу жеңишин тааныган эмес. Январь айында АКШ бул ишке байланыштуу 25 миллион доллар сыйлык жарыялаганын AFP агенттиги жазган болчу.
Каракас бул кадамды катуу сындады. Венесуэланын тышкы иштер министри Иван Хиль Пинто: "Мекенибиздин ар-намысы сатылбайт. Биз бул одоно саясий пропагандалык операцияны четке кагабыз",- деди ал.
Расмий Каракас АКШнын акыркы аракетин "акылга сыйбаган" деп атады.