Биз социалдык тармакта

Кенияда жеке учак турак жайдын үстүнө кулап, 2 адам каза болду

Кениянын борбору Найробиде 4 киши ичинде болгон жеке учак турак жайга кулап, 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматтарга караганда, Африка медициналык жана изилдөө фондуна таандык учак Найробиден болжол менен 20 чакырым түндүк-чыгыштагы турак жайга кулап, имаратка урунган.

Киамбу аймагынын полиция башчысы Морис Оданганын айтымында, кырсыктан 2 адам каза болуп, жаракат алгандар ооруканага жеткирилди. Окуя боюнча иликтөө башталды.

Каза болгондордун өздүгү жана кырсыктын себеби тууралуу азырынча расмий маалымат берилген жок. Окуя болгон жерге атайын кызматтар жана жарандык авиация өкүлдөрү жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан