Татарстанда 15тен ашык полиция кызматкери ашканада кечки тамактануудан кийин ууланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери ИИМдин Казан университетинде кесиптик окуудан өтүп, квалификациясын жогорулатууда. 6-августта алар окуу жайдын ашканасында кечкисин тамактанышкан, андан кийин ашказандары ооруп, жүрөк айланган.
Окуянын кесепетинен 12 адам тез арада ооруканага жаткырылган. Алардын арасында орто звенодогу кадрлар да болгон. Жабырлануучулардын үчөөсү үйлөрүнө дарыланууга жөнөтүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тамактарды даярдоодо мөөнөтү өтүп кеткен азыктар колдонулган. Санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Окуяга байланыштуу күнөөлүүлөр такталууда.