Биз социалдык тармакта

Кытайда суу ташкынынан улам 10 адам каза тапты (видео)

Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында болгон суу ташкынынан 10 адам каза болуп, 33 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги кабарлады.

7-августта провинцияда катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү пайда болгон. Өзгөчө кырдаал Ланьчжоу шаарына жакын аймакта катталган. Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, аба ырайынын кесепетинен байланыш үзгүлтүккө учурап, 4 миңге жакын тургун жабыркады. Ошондой эле транспорт кыймылы да токтогон.

Кытай бийлиги кооптуу аймактардагы тургундарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян дайынсыз жоголгондорду тез арада издөө боюнча тапшырма берди. Аймактарга издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн атайын топтор жөнөтүлдү.

Кытайда суу ташкыны катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан