Биз социалдык тармакта

Күчүктүн үйдү аюудан коргоп, кууп чыкканы видеого түшүп калды

Канаданын Ванкувер шаарында күчүк үйгө кирип кеткен аюуну кууп чыккан. Бул окуя тууралуу америкалык Fox Weather телеканалы маалымдады.

Окуя үйдүн ээси эшикти ачык калтырганда болгон. Аюу үйдүн ичин аңтарып, тамак издөө үчүн эшиктен кирип келген.

Көзөмөл камерасынын видеосунда аюу үйдүн конок бөлмөсүнө кирип, айланага көз чаптырып, бир нече кадам жасап бара жатканда, күчүк капыстан ага чуркап барып, сес көрсөткөнү көрүнүп турат.

Аюу чоочуп кетип, заматта бурулуп качып чыгат. Ал эми күчүк короодон аюуну чыгара коркутту.

Иттин ээси Кайла Кляйн билдиргендей, бул аюу алардын үйүнө буга чейин да бир нече жолу келген. Бирок бул жолкусунда күчүк эр жүрөктүк менен үйдү коргогон.

08.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
leilekstan_1987
2025-08-09 06:02:00
Аюу кучуктон качпай эле уйдун ээсиден качыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан