Япониянын түштүгүндөгү Кирисима шаарында катуу жааган жамгырдан улам 122,4 миңден ашык адам эвакуацияланды.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, жаратылыш кырсыгы өлкөдө бешинчи деңгээлдеги коопсуздук чарасы болуп саналат. Кирисиманын айрым жерлеринде 12 сааттын ичинде 495 миллиметр жаан жаап, бул 1,5 айлык нормага барабар болду.
Жарандар коопсуз аймакка жетишпей калса, көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарына чыгуу сунушталууда.