Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго өлкө жаранынын паспортун тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта президенттин администрациясынан билдиришти.
“Ушундай көрүнүктүү инсанга Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Салижан Шарипов – өлкөбүздүн сыймыгы. Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз", - деди Адылбек Касымалиев.
Салижан Шарипов мындай көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен болгон байланышты дайыма сезерин жана өзүнүн Ата Мекени менен сыймыктанарын баса белгиледи.