Европа биримдигинин (ЕБ) лидерлери АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылышып, Европанын жана Украинанын коопсуздук кызыкчылыктарын коргоого чакырышты. Бул тууралуу Еврокомиссия төрагасы жана Франция, Германия, Италия, Польша, Финляндия, Улуу Британия лидерлеринин декларациясында айтылган. Документ АКШ президентинин Орусия президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушуусуна арналган.
"Биз дипломатиялык чечим Украина менен Европанын коопсуздугунун өмүрлүк маанилүү кызыкчылыктарын коргоого тийиш деген ишенимди бөлүшөбүз. Бул кызыкчылыктар Украинанын бекем жана ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерине болгон муктаждыгын камтуусу керек деп эсептейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.
Алардын айтымында, олуттуу сүйлөшүүлөр "бир гана ок атышууну токтотуу шартында" жүрүшү керек жана алардын баштапкы чекити азыркы фронт сызыгы болушу зарыл. ЕБ лидерлери Украинанын колдоосу, дипломатия жана Орусияга басым көрсөтүү менен гана согушту токтотууга болот деп белгилешти.
Эске салсак, Трамп менен Путин 15-августта Аляскада жолугушат.