Талас шаарында автоээнбаштык жасашкан BMW үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларына чара көрүлдү. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, аларга карата карата Укук бузуулар кодексинин негизинде жалпы 45 миң сом айып пул салынган. Башкармалык унаалар айып короого киргизилгенин белгиледи.