Орусиянын Нижний Новгород облусунда бийчи зордукталып каза болгону айтылууда.
SHOT маалымдагандай, 48 жаштагы Наталья Анисимованын сөөгү бир нече күн мурун Воложка дарыясынын жанындагы Дзержинск шаарындагы токой тилкесинде табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кызга күндүз велосипед тээп бараткан жеринен кол салуу болгон. Бийчи зордукталып, катуу сабалган – ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Наталья Дзержинск шаардык администрациясында иштеп, чыгыш бийинен сабак берген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү азырынча кармала элек.