Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12–17-чакырымдары аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда жол жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо максатында жол белгилерин чийүү иштери пландалууда. Жол куруу жумуштарын №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Бул иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлү астында жүргүзүлүп, белгиленген мөөнөттө жана сапат талаптарына ылайык бүткөрүлдү.