Быйыл Арашан – Чуңкурчак унаа жолунун 22 чакырымы асфальтталып, Чуңкурчак эс алуу борборуна бара жаткан жол оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда 0-22 чакырымдар аралыгында суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, бак-дарактарды кыюу, жол негизин даярдоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле 6-18-чакырымдагы көпүрөлөрдүн реконструкциясы башталып, айдоочулар үчүн убактылуу айланып өтүүчү жол курулууда.
Аталган долбоордун алкагында 2 чоң көпүрөнүн курулушу, 46 суу өткөрүүчү түтүк, калктуу конуштарда тротуар жана аялдамалар каралган.
Асфальт төшөө жумуштары пландалган мөөнөттө аяктоо үчүн, жол курулушунан алыс эмес жерде асфальт-бетон заводу орнотуу иштери кызуу жүрүүдө.
Арашан – Чуңкурчак авто жолунун курулушу ушул жылы толук аяктоо пландалууда. Долбоор аяктагандан кийин Чуңкурчакка баруу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, учурдагы таш жол эки тилкелүү, заманбап асфальт жолго айланат.