SUPER.KG порталынын бул жолку чыгарылышында “Сары-Өзөн” командасынын мыкты оюнчусу, көк бөрү боюнча спорт чебери Аскат Аскаровдун бейнеси менен тааныштырат.
Анда спортчу жеке жашоосу, машыгуу ыкмалары, талаадагы урунттуу учурлары жана келечек пландары тууралуу сөз кылды.
"Биринчи "Сары-Өзөн" командасында ойноп баштагам. Андан кийин 3-4 жылдай Оштун "Достук" командасында ойнодум. Мындан тышкары "Ала-Тоо", "Мурас" деген командада да оюн көрсөттүм.
Улакты жаңы ойноп баштаганда ата-энем каршы болушчу. Кийин көнүп калышты",- дейт ал.
Ошондой эле улакчы 31-август - Эгемендүүлүк майрамына карата мелдешке даярдык көрүп жатканын дагы кошумчалады.
Маекти толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.