Биз социалдык тармакта

Орусияда Telegram жана WhatsApp аркылуу чалууларга тыюу салынышы мүмкүн

Орусияда WhatsApp жана Telegram сыяктуу чет элдик мессенжерлерде үн аркылуу чалууларга тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Бул демилге май айынын аягында телекоммуникация тармагын өнүктүрүү боюнча стратегикалык сессияда "чоң төрттүк" уюлдук операторлор тарабынан көтөрүлгөн.

Маалым болгондой, операторлор инфраструктураны кармоо жана жаңылоо үчүн кошумча кирешелерге муктаж. Санкциялардан улам базалык станцияларды тейлөөнүн чыгымдары бир кыйла жогорулаган. Мобилдик интернет трафиги кескин көбөйгөндүктөн, тармактардын өнүгүү ылдамдыгы жайлап, интернеттин сапаты төмөндөп кетиши мүмкүн.

Операторлордун пикири боюнча, тыюу салуу үн трафигинин көпчүлүгүн салттуу тармактарга кайтарууга мүмкүндүк берип, алардын экономикасына оң таасир берет. Ошондой эле киберчабуулдардын көпчүлүгү WhatsApp жана Telegram аркылуу болгондуктан, блоктоо бул маселени азайтат.

Азырынча расмий бийлик операторлордун сунушу боюнча бир пикирге келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан