Биз социалдык тармакта

Бишкекте 6 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү (фото)

Бишкекте 11-августтан 31-августка чейин Фучик көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки жолдун батыш тарабы унаа кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бул себептен, №48, №41, №135, №133, №161 жана №132 каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

"Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгынын алдын алуу үчүн жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат", -деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан