Чүйдө автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта облустук Жол милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаасын катуу ылдамдыкта айдап, рулду ары бери бургулап, коопсуздукту сактабай бара жаткан айдоочунун видеосу тараган.
Бул факт боюнча ВMW 525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 189-беренелерине ылайык 15000 миң сом салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми унаасы оңдолгон соң айып короо жайына киргизилет.