Биз социалдык тармакта

Жеңишбек Токторбаев Ошко 100 миң түп көчөт отургузуларын айтты (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаз айынан баштап шаар көчөлөрүнө көчөт олтургузуу иштери жүргүзүлөрүн айтып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

"Жазга 100 миң түп көчөттөрдү (чынар терек, каштан, ак кайың, павлония) алышыбыз керек. Алар бардык көчөлөргө эгилиши зарыл. Күздөн баштап даярдык иштерин башташыбыз абзел",- деди калаа башчысы.

Бүгүн, 12-августтагы таңкы рейдде мэр келерки жылы Алымбек датка көчөсүн Навои көчөсүнөн баштап автобекетке чейин кеңейтүү иштери жүргүзүлөрүн да кошумчалады.

12.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан