Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин бир бөлүмүнүн имаратында 25 жаштагы жаран каза болгон факт катталды. Маалыматты райондук милиция ырастады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 9-августта болгон. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза жана башка бардык зарыл экспертизалар дайындалды.
Топтолгон материалдар Ленин райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.