14-августта Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү бүгүн, 12-августта билдирди.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалып жатат.
Анда Кыргыз-Орусия күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагында аракеттерди координациялоо маселелери каралаары мерчемделүүдө.
Ошондой эле, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен Михаил Мишустиндин жолугушуусу күтүлүүдө.