АКШнын Пенсильвания штатындагы "US Steel" компаниясына таандык болот завод жарылып, каза болгондордун саны экиге жетти, жаракат алгандар 10дон кем эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Питтсбург районуна жакын жайгашкан болот заводунда болгон жарылууда эки адам каза болду. Дайынсыз болуп жаткан бир кызматкердин каза болгону да айтылды. Жарылууда 10дон ашык адам жаракат алды",- деп белгиленген маалыматта.
Буга чейин бир адам каза болуп, ондогон адам жаракат алганын кабарлаган болчу. Кызматкерлер урандылардын алдында калгандыгы кошумчаланды.