Бишкекте турак жайдан чыккан өрттү 3 күжүрмөн эсеп өчүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-августта Лебединовка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 13:41де Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 13:48де Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Өрт саат 14:39да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.