Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда жаңы медициналык борбордун курулушу башталды

Бүгүн, 12-августта Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында “Саламат” санаторий-клиникасынын жаңы имаратынын курулуш иштери башталып, капсула салуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага облус башчысы Элчибек Жантаев, райондук жетекчилик жана медицина кызматкерлери катышты.
Жаңы медициналык борбор 5 кабаттуу болуп, 70 орунга эсептелген. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, өз ичине операциялык блокту, толук кандуу реабилитация борборун жана билим алмашууга арналган конференц-залды камтыйт. Долбоор ишке ашырылгандан кийин 100 жаңы жумуш орду түзүлөт.
Курулуштун жалпы сметалык баасы 300 миллион сомду түзөт. Имарат пайдаланууга берилген соң, аймактагы 450 миңге жакын тургун сапаттуу медициналык кызмат менен камсыздалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан