""Казарман" аймактык аэропортуна техникалык текшерүү максатында атайын учак келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самудинов билдирди.
Айтымында, каттамды "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы аткарды.
Буга удаа Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы экинчи каттам 12-сентябрда аткарыла турганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.