Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кудайберген" базарынын аймагындагы мыйзамсыз акы төлөп кирүү пунктун жапты.
Рейд учурунда жерине барган калаа башчысы айдоочулардан кирип-чыгуу үчүн акы алынып жаткандыгына күбө болду.
"Эмнеге төлөп жатышат? Төлөм алганды токтоткула",- деди мэр.
Төлөмдөн топтолгон каражатты ким аларына жана бир күндө канча сом топтолоруна кызыкты. Кассир кыздын айтымында бир күндө 15 миң сомго чейин чогулат жана каражат базардын администрациясына берилип турат.