Биз социалдык тармакта

Айчүрөк Иманалиеванын кызы эл аралык сынакта биринчи орунду алды (фото)

Кыргызстандык катышуучу Тыванын борбору Кызыл шаарында өткөн эл аралык "Алдын согун - Алтын жебе" сынагында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак 8-10-август күндөрү өтүп, анда Кыргызстандын атынан жаш ырчы Аэлита Таалайбекова катышкан. Ал тыва тилинде "Аныяктар" жана "Курманбек" ырларын аткарган.

Тывадагы сынакка Кыргызстан, Казакстан, Башкырстан, Бурятия, Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан жана башка аймактардан 20дан ашуун ырчы катышкан.

Эл аралык "Алдын согун" сынагы быйыл алгач ирет өткөрүлүп, ал Тыванын эмгек сиңирген артисти Аяс Данзырынын жаркын элесине жана Ата Мекенди коргоочунун жылына арналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан