Азат Усеналиев 29-январда өтө турган Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдешке катышпайт

Бүгүн, 15-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин пресс-борборунда украиналык “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун кыргызстандык легионери Азат Усеналиев жана бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун катышуусундагы маалыматтык жыйын орун алды. Анда алар бир катар суроого жооп беришти.

- Азат Усеналиев кезектеги беттешинде жеңишке жетишти. Муну кандай бааладыңыз?

Адылхан Бекболотов: - Жогору баалайм. Бул жеңиш бир күндүк эмгектин арты менен келе койгон жок. Азат 17 жашынан бери Кыргызстан курама командасынын курамында машыгып келет. Ошонун арты менен учурда Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларында жеңишке жетишип, аталган мелдеште 52 килограмм салмактагы мушкерлердин арасында рейтингде 1-орунду ээлеп турат.

- “Украинские атаманы” клубундагы машыгууларың менен сенин бул жакта машыкканыңдан айырмаланат бекен?

Азат Усеналиев: - Жок. Андай деле көп айырмачылык жок. Аталган клубда деле бул жакта жасаган көнүгүүлөрдү аткарып, ошондой эле тартипте машыгып жатам.

Адылхан Бекболотов: - Негизи, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги машыгууларда чоң айырмачылык жок. Анткени Украинада да, Кыргызстанда да мурунку СССРдин мектебинде тарбияланган машыктыруучулар эмгектенет.

- “Украинские атаманы” клубу өзбекстандык мушкер Жасурбек Латипов менен келишим түздү. Эми клуб Азат менен Жасурбектин күчтүүсүн беттешке чыгарабы?

Адылхан Бекболотов: - Жок. Андай болбойт. Клуб кайсы бир беттешинде ушул салмакта Азат менен Жасурбектин бирин тандап, беттешке чыгарат. Балким, мушкерлердин бири чарчаса, кийинки беттешке экинчисин жибере берет. Бул жерде атаандаштык деген нерсе болбойт.   

- Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын тайпалык баскычында германиялык жана италиялык клубдар менен беттештер калды. Жасурбек экөөңөрдө тандоо укугу болсо, сен кайсы команданын мушкери менен беттешмексиң? Италиялык клубда 52 килограмм салмакта Дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээлеген Эндрю Селби бар эмеспи...

Азат Усеналиев: - Мен Эндрю Селби менен беттешмекмин. Анткени бул мушкер рейтингди тизгиндеп турган күчтүү мушкер. Аны менен болчу беттешке машыгуу да өзгөчө болот.

- Кыргызстандагы мелдештерге Азат Усеналиев катышпай калды. 29-январда Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдешке катышабы?

Адылхан Бекболотов: - Азат бул мелдешке катыша албай калат экен. Анткени ал жакында Украинага аттанат. Негизи, жыл ичинде мушкер кем дегенде 30дай беттеш өткөрүп туруш керек. Бул өсүш алып келет. Украиналык клубга биз Азатты ошол себептүү жибергенбиз. Башка мушкерлерибизге башка индиялык, мексикалык клубдардан сунуш түшкөн. Бирок алардын сунуштаган келишими бизге ыңгайсыз болуп калып, баш тартканбыз. Биздин жакынкы максаттарыбыз - 2014-жылы Азия оюндарында жана 2015-жылы Дүйнө чемпиондугунда ийгилик жаратуу. Азат акырындык менен ошого да даяр болуп калат.

Азат Усеналиев: - 24-январда Украинага кетем. Беттешке 1 апта калганда беттеш өтчү жайга учуп барып жатабыз. Негизи, бул кыйынчылык деле туудурган жок. Көнүп калдым. Учурда италиялык жана германиялык клубдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакын арада кимиси менен беттешерибиз белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан