Ош шаарында жайгашкан Сулайман-Тоонун боорундагы үйлөр алынат. Бул тууралуу калаа мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүн, 13-августтагы таңкы рейддик кыдыруусунда айтылды.
Маалыматка ылайык, ал жердеги үйлөр башка жерге которулуп, айланасы бошотулат. Ошондой эле туристтер тоону айланып басып, көрүп чыга турган шарт түзүү боюнча маселе каралды.