Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдыруусунда Сулайман-Тоого чыгып, көчөлөрдү ачуу тапшырмасын койду.
Калаа башкармалыгы анда Кызыл-Кыштак аймактык башкармалыгындагы беш көчөнүн башына курулуп калган турак жайларды алуу тапшырмасы коюлганын маалымдады. Үйлөрдү алуу менен беш көчөнүн Навои көчөсүнө чыкчу бөлүгү толугу менен ачылмакчы.