
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылындагы “Парчабу Эне” бала бакчасын жыл аягына чейин пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Бул боюнча Курулуш министрлиги бүгүн, 13-августта маалымдады.
Ага ылайык, курулуш-монтаждоо иштери “Темир Курулуш” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Долбоорго ылайык, 120 орунга ылайыкталган бала бакча эки кабаттан турат жана заманбап талаптарга жооп берет.