Бишкектин Көк-Жар конушундагы башаламандыкка байланыштуу кармалган беш адам үй камагына чыгарылды.
Октябрь райондук соту Көк-Жардагы окуялар боюнча камакка алынган беш адамга карата бөгөт чарасын өзгөрттү. Алар өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат менен чыгарылды.
Айта кетсек, мэрия Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы коңушунун 172-контурунда өзүм билемдик менен айдоо жерлерге үйлөр курулуп жатканын билдирип, түртүрүү иштери жүргөн. Ошол учурда жолду тосуп, башаламандык уюштурду делип 5 кишини милиция кармап кеткен.
Кийинчерээк "жер мафиясынын" өкүлдөрү кармала баштады.