Баткен облусунун Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Асылбек Жеңишбек дайындалды. Тиешелүү тескемеге президенти Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчысынын администрациясы кабарлады.
Белгилей кетсек, Осмонбеков аталган кызматка 2023-жылдын август айында бекиген.