Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда милицияга пара берип жаткан жеринен бир жаран кармалды (видео)

Жалал-Абадда өзүнүн кылмыш ишин жеңилдетүү максатында милицияга пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, шектүүгө буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Эми Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерине 50 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1994- жылы туулган С.у.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары улантылууда.
Милицияга пара берген жаран
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан