Чынгыз Токтобеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп дайындалганын бүгүн, 14-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалым болгондой, Чынгыз Токтобеков буга чейин Түркияда Кыргызстандын соода өкүлү болуп иштеген. Ошондой эле өлкөнүн Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген Лира Сыдыкова да бүгүн кызматынан бошотулду. Белгилей кетсек, Сыдыкова аталган кызматка 2019-жылы дайындалган болчу.