
Бишкек шаарындагы Интергельпо көчөсү ремонт иштерине байланыштуу убактылуу бир тараптуу каттамдарды жүргүзүп жатат. Бирок ага карбастан кээ бир айдоочулар ал жердеги күзөтчүлөр менен пикир келишпестикке барып, өтүп кетүүнүн амалын ойлошууда.
Социалдык тармактарда дал ушундай окуянын бири тартылган видео тарап, милиция баш ийбеген айдоочуну кармады.
Окуя болору менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жерине барып, күзөтчү менен жолукту. Калаа башчысы жумушчуга дем-күч берип, баш ийбеген айдоочулар жазасын ала тургандыгын айтты.