Бүгүн, 15-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак жайларды жана чарбалык аймактарды каптады.
Облустук өкүлчүлүк билдиргендей, саат 01:10 чамасында Тоң районунун Улахол айыл аймагына караштуу Оттук айылында 12 турак үйдүн короосун (анын ичинен 2 турак үйдүн ичине кирген), 8 сарайды жана ички чарбалык жолдорду каптаган.
Сел суулары жерге сиңип кеткендиктен жолдорго зыян келтирилген эмес. 2 турак үйдүн ичиндеги жана турак үйлөрдүн короосундагы суулар толук тазаланды.
Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо жана материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле күнү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр – Тамчы айыл аймагына караштуу Сары-Камыш айылында жамгырдын кесепетинен суулар топтолуп, арыктардан ашып, кыян суулар 3 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган. Учурда, суунун деңгээли азайып, коркунуч жоюлган.
Азыркы маалда абал толук көзөмөлгө алынган, жабыркагандар жок.