Биз социалдык тармакта

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте чет өлкөлөрдүн биринин укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1982-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалды. Ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын декабрь айында А.Д. чет өлкөдө жүргөндө жана коммерциялык ишканалардын биринин директору болуп турган учурда шериктери менен биргеликте соода базарынын ижарачысы болуп, курулуп жаткан имараттагы соода орундарын мыйзамсыз саткан. 2019-жылдын декабрь айынан 2022-жылдын март айына чейин 11 жабырлануучудан жалпысынан 168 450 доллар алынган. Жабырлануучуларга төлөнгөн аянттар берилген эмес.
2025-жылдын июль айында чет өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары тергөө ишин жандандырып, А.Д.га карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жеткирилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан