Бүгүн, 15-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айылында жүк ташуучу унаа менен поезд кырсыкка учурады.
Күбөлөрдүн айтымында, шагыл ташып бараткан жүк унаасынын айдоочусу жүрүп келе жаткан поезддин алдынан үлгүрүп өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок унаанын чиркегичи поездге илинип калган. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес, болгону чиркегичтеги шагыл төгүлүп калды.
Кырсык боюнча расмий маалымат бериле элек.