Биз социалдык тармакта

"Сен айтпа..." Оштун мэри бала бакчаларды айттырбай текшере баштады (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы бала бакчаларды айттырбай текшере баштады. Ал рейд учурунда №17 “Ак ниет-Ош” мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, абалына канаттанбады. Ал жердин ашканасынан таракандар чыгып, идиш-аяктардын ичи кир болуп, балдар колдонуучу төшөктөр жыттанып, ажатканалардын абалы начар экенине күбө болду.

Бул аралыкта калаа башчысы мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысына кайрылып, бир да бала бакчага мэрдин барарын алдын ала эскертпей турууну талап кылды.

Мэр келип текшерип кеткен соң талаптагыдай оңдоп-түзөө, тазалоо иштери башталды.

16.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан