Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШдан Орусияга кайтып бара жаткан Владимир Путиндин учагын америкалык F-22 аскердик учактары коштоп жүрдү. Бул тууралуу Кремль билдирди.
Ошондой эле Путин Анкоридждеги Эльмендорф-Ричардсон бирдиктүү аскер базасына келгенде, АКШнын Аскер аба күчтөрү тарабынан расмий түрдө тосуп алынган.
Анда асманда B-2 Spirit бомбалоо учагы төрт F-35 Lightning II истребителдери менен кошо учуп өткөн.
Белгилей кетсек, АКШнын 49-штаттында Путин менен америкалык лидер Дональд Трамптын сүйлөшүүсү өттү. Ал 2 саат 45 мүнөткө созулду. Андан кийин журналисттерге эки лидер чыгып маалымат берди.