Биз социалдык тармакта

Зеленский 18-августта Вашингтондо Трамп менен жолугушарын жарыялады

Украина президенти Владимир Зеленский 18-августта АКШга, тактап айтканда, Вашингтондо өтө турган жолугушууга барарын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында жазды.

Анын айтымында, Украина тарап АКШнын жана Орусиянын катышуусундагы үч тараптуу жолугушуу тууралуу Дональд Трамптын сунушун толук колдойт.

"Бардык маселелерди Вашингтондо президент Трамп менен талкуулайм. Чакырууга ыраазымын", — деп жазган Зеленский.

Ошондой эле Киев жетекчиси АКШнын Украина коопсуздугун камсыздоодогу ролу да лидерлер ортосунда талкууга алынарын белгилеген.

Буга чейин Трамп орусиялык лидер Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Зеленский жана НАТО өлкөлөрүнүн лидерлери менен узак телефон сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан