Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 18-августта саат 01:08де өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер силкинүүнүн очогу Канжыга айылынан 19 чакырым түштүк-чыгышта, Ара-Бел айылынан 19 чакырым түндүк-чыгышта, Көк-Жаңгак шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 66 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөө Канжыга айылында 3 балл, Ара-Бел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.