Айыл чарба министрлиги тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам, быйыл мал-жандыктын экспорту кыйла азайды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой-эчки жана 1 636 жылкы экспорттолду.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде экспорттун көлөмү кыйла жогору болгон. Тактап айтканда, 2024-жылдын 7 айында өлкөдөн 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой-эчки жана 5 113 жылкы сыртка чыгарылган. Салыштырмалуу алганда: