
Бишкекте ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милицияга Ш.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 15-февралына караган түнү белгисиз адамдар ири материалдык зыян келтиргенин билдирди. Ал Валиханов көчөсүндө жайгашкан "ОсОО" компаниясынын кеңсесинин биринин темир торлорун бузуп кирип, коопсуздук кутусунан 23 миң доллар, 460 миң рубль, 500 миң теңге жана 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада мурда бир нече жолу соттолгон, 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, бактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.