Биз социалдык тармакта

"Күйөө балага куурдак кууруп бериңиз". Оштун мэри бала бакчадан таракан тапты (видео)

Бүгүн, 18-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №13 "Кыял" бала бакчасын текшерип барды.

Анда ал балдардын уктоочу бөлмөлөрүндөгү керебеттердин, шейшептердин, ошондой эле ашкана жана ажаткана жайларынын тазалыгын карап чыкты. Токторбаев негизинен "жакшы" деген баасын берип, бала бакчадан чыгар алдында полдон таракан таап алды.

Ал аны кармап, бала бакчанын директорунун алаканына салды.

"Мына эжеке, үйгө күйөө балага барып, куурдак кууруп бересиз, макулбу?" - деди калаа мэри.

18.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан