Акыркы сутка ичинде республика аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 15-январда билдирди. Маалыматка караганда, Чүй облусунда 1, Бишкек шаарында 4, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталган.